Премьер-министр Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринин күнү менен куттуктап, билдирүү таратты. Анда өкмөт башчы пандемия шартында иштеп жаткан дарыгерлерге ыраазычылыгын билдирип, учурда дарыгерлердин мааниси өзгөчө экенин белгилеген.
“Коронавирустук инфекциянын жайылышына жол бербөө боюнча жүргүзүлүп жаткан чаралар саламаттык сактоо тутумунун мекемелеринин эскирген материалдык-техникалык базасына, кадрлардын жетишсиздигине жана жетишсиз каржыланышына байланыштуу топтолгон көйгөйлөрүн ачыкка чыгарды. Бирок ага карабастан, сиздер коронавирустук инфекциядан жабыркаган жарандарыбызга тийиштүү медициналык көмөк көрсөтүүнү улантып жатасыздар”,-деп айтты премьер.
Кыргызстанда июль айынын биринчи жекшембисинде Медицина кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленип келет. Быйыл дүйнөдө тараган коронавирус пандемиясынан улам дарыгерлер өзгөчө шартта иштеп жатат.
Март айынан бери өлкө боюнча 1097 медицина кызматкери вирусту жугузуп алып, сегиз дарыгер каза тапты. (BkA)