Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

Ош шаарында 500 орундуу медициналык стационардык борбор даярдалууда


Ош шаарында өпкөсү кагынгандарды жана коронавируска кабылгандарды дарылоо үчүн кошумча 500 орун даярдалып жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, 5-июлда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен өткөргөн жыйында жеңил жана орто абалдагы бейтаптар үчүн орундарды даярдоо керектигин билдирген.

Жергиликтүү бийлик калаадагы эпидемиологиялык абалды «оор» деп сыпаттоодо.

Стационардык борборлор өлкөнүн башка шаарларында да ачылууда. Буга чейин Бишкек шаарында төрт борбор ачылган. Ар бир борбор 200 орунга эсептелген. Алар күнүнө 4 миңден 6 миңге чейин адамды тейлөөгө ылайыкташкан.

Ош шаары COVID-19 жуктуруп алган кишилердин саны боюнча Бишкектен кийин экинчи орунду ээлейт. 5-июлга чейин Ошто коронавирус 783 кишиден аныкталган. (DU)

XS
SM
MD
LG