Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:16

Баткенде санитардык талапты сактабаган 142 ишканага айып салынды


Баткен шаары. 21-март, 2020-жыл
Баткен шаары. 21-март, 2020-жыл

Маалыматка ылайык, облустагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык райондордо, шаар аймактарында текшерүү, түшүндүрүү иштери тынымсыз жүрүүдө. 1-майдан бери 1364 ишкана- мекемелер текшерилген. Анын ичинен санитардык норманы сактабаган 425 ишканага эскертүү берилип, 142 ишканага айып салынды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Өткөн жумада коронавирустун жайылышына байланыштуу Баткен облустук штаб айрым чектөөлөрдү киргизген. Ага ылайык, жума намаздарды мечиттерде жамаат менен окууга, мааракелерди, тойлорду өткөрүүгө, Куран окутууга убактылуу тыюу салынды. Санитардык эрежелерди сактабаган жалпы тамактануучу жайлар, ашканалар, ресторандар, дүкөндөр жабыла турган болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG