4-июлда Белграддын жанындагы Батайница аскердик аэродромунда Кытайдан алынган алты сокку уруучу учкучсуз аппаратты биринчи жолу коомчулукка көрсөткөн аскердик иш-чарага Сербиянын президенти Александр Вучич да катышты.
“Булар алыс аралыктан – тогуз чакырым узактыктан бутага ата алат жана душмандын аймагындагы Сербиянын кызыкчылыгында болгон аймакты жана объектти жаздыра алат”, - деп Вучичтин айтканын Сербиянын N1 телеканалы көрсөттү.
Ал Сербия кытай адистери менен өзүнүн да ушул сыяктуу учкучсуз учактарын жасоону ишке ашыруу максатында кызматташууга макул болгонун кошумчалады. Ошол эле кезде ал сокку уруучу дрондордун баасын айтуудан баш тартты. Учкучсуз учактар өлкөгө ушул аптада жеткирилгени маалым болгон.
"Rainbow CH-92A" үлгүсүндөгү алты аппарат менен кошо Сербия аскердик учактар үчүн 18 ракета сатып алган.
Сербиянын Кытай жана Орусиядан аскердик курал сатып алуусуна Европа Биримдиги жана АКШ каршы болуп келет. Бирок Сербия CH92-A үлгүсүндөгү учкучсуз учактарды сатып алууга каршы эч кандай санкция жок экенин жүйө келтирген.