5-июлда түркиялык ишкерлердин көмөгү менен Кыргызстанга 150 кычкылтек концентратору жеткирилди. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.
Кыргызстанда соңку күндөрү коронавирус жана пневмония жугузган адамдар көбөйүүдө. Буга чейин өлкөдөгү ооруканаларда ИВЛ аппараттары жана кычкылтек концентраторлору жетишпей жатканы айтылган. Буга байланыштуу өкмөт Кытайдан 500 кычкылтек концентраторун сатып алды. Маалыматка ылайык, кычкылтек концентраторлорунун биринчи партиясы - 500 даана келди. Дагы 500ү келаткан аптада жеткирилмекчи. Бул үчүн өкмөт 50 миллион сом бөлгөн.
Эки күн мурда Өзбекстан 100 ИВЛ аппаратын жана 50 кычкылтек концентраторун гуманитардык жардам катары жөнөткөн.
Учурда ыктыярчылар жана уюмдар ИВЛ аппараты менен концентраторлорду сатып алууга каражат топтоп жатышат. (EIB)