Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:12

Орусияда репрессиянын курмандыктарына арналган эстеликти булгап кетишти


Саясий репрессия курмандыктарына арналып тургузулган эстелик сыр чачып кетишкенден кийин.
Саясий репрессия курмандыктарына арналып тургузулган эстелик сыр чачып кетишкенден кийин.

Орусиянын Иркутск облусундагы Тайшет шаарында саясий репрессия курмандыктарына тургузулган эстеликке белгисиз адамдар сыр чачып кетишкен. Шаардын сейил багындагы эстеликтин курулушу бир апта мурда эле бүткөн. “Сибирь. Реалии” сайтынын маалыматына караганда, окуя 4-июлга караган түнү болгон жана эстеликтеги жазуу окулбай калган.

Сталиндик репрессия жылдары Тайшет районунда соттолгондор камалган Тайшетлаг лагери орун алган. Андан тышкары Чыгыш Сибирге жана Ыраакы Чыгышка сүргүнгө айдалган туткундар Тайшет станциясы аркылуу өтүп турушкан.

Акыркы жылдары Орусиянын бир катар шаарларында советтик жол башчы Иосиф Сталинге арналган эстеликтер тургузула баштады. Сталинге арналган эстеликтер негизинен Орусиянын Коммунисттик партиясына таандык жерлерге жана имараттардын алдына тургузулууда. Ошого карабастан Владимир Путиндин сынчылары аны Сталиндин кадыр-баркын калыбына келтирүүгө аракет кылып жатат деп белгилешет.

Сталин бийликте турган 1924-1953-жылдары миллиондогон адам саясий репрессиянын түз жана кыйыр курмандыгы болгон.

XS
SM
MD
LG