Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Иранда бир күндө коронавирустан өлгөндөрдүн эң көп учуру катталды


Иран.
Иран.

Иранда коронавирус пандемиясы башталгандан бери бир күндө өлгөн адамдардын эң чоң көрсөткүчү катталды. 5-июлдагы маалыматка караганда, акыркы бир суткада 162 адам көз жумган. Буга чейин Иранда 29-июнь күнү 162 адам каза тапканы эң жогорку деп маалымдалган.

Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги акыркы бир суткада илдетти жуктуруп алган 2560 учур аныкталганын билдирди.

Иранда COVID-19 менен ооругандардын саны жалпы 240 438ге жетти, анын ичинен11 571 адам көз жумган.

Иран коронавирус пандемиясына байланыштуу апрелде киргизилген чектөөлөрдү жумшарткандан бери илдетке кабылгандар көбөйүүдө. 4-июлда президент Хасан Роухани беткап тагынбагандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүлбөй турганын эскертти.

XS
SM
MD
LG