Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Кыргызстанда 2 миңдей киши пневмония менен ооруканада жатат


Кыргызстан, Бишкек. Март, 2020-жыл.
Кыргызстан, Бишкек. Март, 2020-жыл.

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, учурда өпкө кагынуудан (пневмония) жабыркаган эки миңге жакын киши Кыргызстандын ооруканаларында дарыланып жатышат. Алардын дээрлик баарынын коронавируска тапшырган анализи таза чыккан.

Пневмония менен оор абалда реанимацияда жаткан бейтаптардын саны 100гө жакын.

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 177 киши көз жумду.

Интернеттеги социалдык тармактарда вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

XS
SM
MD
LG