Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Казакстан: саясий туткун аталган Искандер Еримбетов өлкөдөн чыгып кетти


Искандер Еримбетов сот залында. 2018-жыл
Искандер Еримбетов сот залында. 2018-жыл

“Назарбаев режиминин саясий туткуну болгон Искандер Еримбетов боштондукта жана Швейцарияга учуп келди”, - деп жазды Open Dialogue Foundation уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Людмила Козловская “Фейсбук” баракчасына. Ал Еримбетовду Женеванын аба бекетинен туугандары жана жактоочулары күтүп алып жаткан видеону да жайгаштырган.

Бизнесмен Искандер Еримбетовдун туугандарынын бири Асат Жаксыбаев ал дарыланууга кеткенин, эмдөө 6-июлда баштала турганын билдирди. Ал эми буга чейин Еримбетовдун адвокаты болгон Жанара Балгабаеванын “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, анын ден соолугу абдан начарлап, башына зак кеткен. Буга чейин Еримбетов өзү абакта кыйноого кабылганын айтып жүргөн.

Алматынын соту 2018-жылдын 22-октябрында Искандер Еримбетовду “ири суммадагы алдамчылык үчүн күнөөлүү" деп таап, жети жылга соттолгон.

2019-жылдын акырында Еримбетов ден соолугуна байланыштуу абактан бошогон. Бирок анын чет өлкөгө чыгууга укугу болгон-болбогону белгисиз.

Еримбетов жактоочулары ага козголгон кылмыш ишин атайылап жасалган деп санашат. Ал эми Казакстандын укук коргоо органдары Искандер Еримбетовдун ишинде саясий өңүт бар деген айыптоочу четке кагып келишет.

Укук коргоочулар Искандер Еримбетовду саясий туткундардын тизмесине киргизген.

XS
SM
MD
LG