Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Депутат Жылдыз Мусабекова реанимацияга түштү


Жылдыз Мусабекова.
Жылдыз Мусабекова.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова реанимацияда экенин анын уулу Кубаныч Аманбеков «Фейсбуктагы» баракчасына 4-июлда жазды. Ал депутат кандай илдеттен жабыркаганын тактаган жок.

Мусабекова 2-июлда видео кайрылуу жарыялап, анда ооруп калганын, бейтапканаларда орун жок болуп жатканын жана медициналык жардамга муктаж экенин айткан. Дене табы көтөрүлбөгөнүн, жөтөлү жок экенин, бирок кыйналып жатканын кабарлаган. 5-июлда илдет менен күрөшүп жатканын жазган.

Кыргызстанда коронавируска жана пневмонияга чалдыккандар көбөйүп жатат.

5-июлга карата коронавирустан дагы 10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 88 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 177 киши көз жумду.

Интернеттеги социалдык тармактарда вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

XS
SM
MD
LG