Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Кой-Таш окуялары боюнча сот жараяны уланат


Кой-Таш. 9-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 9-август, 2019-жыл.

Кой-Таш окуялары боюнча сот иши бүгүн, 6-июлда уланганы жатат. Бул тууралуу айыпталып жаткандардын бири, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди. Буга чейинки сот жараяны 3-июлга белгиленип, бирок болбой калган.

Буга айыпталып жаткандардын кызыкчылыгын коргогон айрым адвокаттардын ооруга байланыштуу келбей калганы себеп болгон.

Кой-Таш окуясында каза болгон УКМКнын атайын бөлүгүнүн жетекчисинин орун басары Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнүн кызыкчылыктарын сотто коргоп келген адвокат Кайрат Загибаев 2-июлда пневмониядан кайтыш болгон.

Буга чейинки жараянда мамлекеттик айыптоочу соттолуучуларга айыбын угуза баштаган.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анда бир офицер курман болуп, 200дөн ашуун адам жабыркаган.

Окуяга байланыштуу козголгон кылмыш ишин тергеген ИИМдин Тергөө кызматы мурдагы президент Атамбаев баштаган 19 адамга айып койгон. Алардын ичинен 14 айыпталуучунун иши сотко өткөн. Калган беш адамдын иши тергөө менен кызматташууга макул болгону үчүн өзүнчө тергелип жатат.

Сотко иши өткөн 14 айыпталуучунун ичинен Алмазбек Атамбаев УКМКнын, Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Канат Сагымбаев, Фархат Баабиев, Канат Осмоналиев ИИМдин убактылуу кармоочу жайларында камакта.

Парламент депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Атамбаевди колдогон КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева - үй камагында. Окуя боюнча ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго байланыштуу соттук иш да өзүнчө өтүп жатат.

Кой-Таш окуясы боюнча Жазык кодексинин «Киши өлтүрүү», «Адамдын өмүрүнө кол салуу», «Барымтага алуу», «Жапырт башаламандык», «Бейбаштык», «Бийлик өкүлдөрүнө коркунуч келтирүү жана зомбулук» беренелеринин негизинде кылмыш иши козголгон. Башкы прокуратура айыпталуучулардын көбүн аталган фактыларга күнөөлүү деп эсептеп келет. Атамбаев баштаган айыпталуучулар болсо аны төгүндөп жүрөт. Ишти сот жабык карап жатат.

Биринчи май райондук соту 23-июнда Атамбаевди «Батукаевдин иши» боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жыл эки айга кескен. Сот аны сыйлыктарынан, өзүнө жана жакындарына таандык мүлкүнөн да ажыратуу тууралуу өкүм чыгарган.

XS
SM
MD
LG