Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:44

Некролог: Чыгаан журналист жана аялзатынын сырттаны Бүбүкан Досалиева эч качан унутулбайт


Бүбүкан Досалиева.
Бүбүкан Досалиева.

Чыгаан журналист Бүбүкан Досалиеванын кайтыш болушуна байланыштуу бийлик жана коомчулук өкүлдөрүнүн атынан көңүл айтуу каты жарыяланды. Анда кыргыз коомчулугу орду толгус оор жоготууга учураганы белгиленди.

Досалиева кесипкөй журналист, иштерман адис, мыкты устат, жарандык позициясы бекем, билими терең, адамдык парасаты бийик, көп кырдуу инсан болгону айтылды:

«Чыгаан журналист, чыныгы устат, илимпоз, саясат таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Бүбүкан Досалиева 5-июлда 62 жаш курагында катуу оорудан каза болду. Ал 1958-жылы 1-ноябрда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Саруу айылында туулган. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун Республикалык балдар китепканасында библиограф болуп иштөөдөн баштаган. Журналисттик кесибинин алгачкы жылдары КТРК, «Сары Өзөн Чүй» радио, телеканалдарында иштеп, эгемен доордогу кыргыз журналистикасын жаңы деңгээлге чыгарууга олуттуу салым кошкон.

1995-2010-жылдары жана 2017-жылдан кийин өмүрүнүн соңуна чейин «Эркин Европа/Азаттык үналгысынын» кыргыз кызматынын кабарчысы, мультимедиа жетекчиси, теле берүүлөрүнүн башкы редактору, телекөрсөтүү боюнча өндүрүш продюсери болуп келди. «Азаттыктын» телеберүүлөрүнүн далай ийгиликтери Бүбүкан Досалиеванын ысымы менен тыгыз байланыштуу.

Бүбүкан Досалиева эмгек жолунда журналисттик кесибине илимий-педагогикалык ишти да айкалыштырды. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук, Бишкек мамлекеттик университеттеринин журналистика, радио-телекөрсөтүү кафедраларында доцент, кафедра башчысы, окутуучу, улук окутуучусу болуп иштеп, жүздөгөн шакирттерди тарбиялады.

Бүбүкан Досалиева саясий илимдердин кандидаты, «Кыргызстандагы ММКлар: саясий-укуктук өңүт» аттуу илимий монографиянын, 50дөн ашык илимий эмгектин, «Энелер жөнүндө баллада» аттуу коомдук-популярдуу китептин автору, «Төрөкул Айтматов» аттуу китептин түзүүчүсү болгон.

2010-2012-жылдары Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеди.

1994-жылы Эл аралык Айтматов коомдук академиясынын журналистика боюнча академиги, 2015-2017-жылдары КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон.

2003-жылы өлкө президентинин «Алтын калем» сыйлыгынын лауреаты болгон.

2005-жылы журналистикага сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери деген мамлекеттик наам ыйгарылган.

Бүбүкан Досалиева аялзатынын нускалуу үлгүсү эле. Чынчылдыгы, чечкиндүүлүгү, акылгөйлүгү, иштермандыгы кийинки муунга өрнөк болуп калары калетсиз. Чыгаан журналист жана аялзатынын сырттаны Бүбүкан Досалиева эч качан унутулбайт. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!»

Некролог вице-премьер-министр Аида Исмаилова, Кыргыз эл баатыры Бексултан Жакиев баштаган жетекчилердин жана мамлекеттик, коомдук ишмерлердин атынан жарыяланды.

XS
SM
MD
LG