Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:30

Австрияда чечен блогеринин өлүмүнө байланыштуу эки адам камалды


Вена.
Вена.

Австрияда полиция чечен блогери Анзор (Мамихан) Умаровдун киши колдуу болгонуна байланыштуу эки адамды камакка алды. Ага ылайык, 47 жаштагы чеченстандык киши Линц шаарында ишемби күнү кечинде колго түштү, экинчиси бир күндөн кийин, жекшембиде кармалды.

Умаров Вена шаарынан анча алыс эмес жердеги Герасдорф шаарында ишембиде кечинде башына ок тийип курман болгон.

Ал буга чейин чечен лидери Рамзан Кадыровду бир канча жолу ачык сындаган жана «Европадагы мурунку чечен жикчилдерине кол салгандардын артында Орусиянын атайын күчтөрү турат» деген мазмундагы билдирүүлөрдү жасаган.

Умаров Австрияда Бек Мартин деген ысым менен 2005-жылдан бери жашап жаткан жана бул өлкөнүн паспортун алган. Австрияга келе электе Чеченстандагы Шарият боюнча мамлекеттик коопсуздук министрлигинде тергөөчү болуп иштечү.

Ушул жылдын февраль айында Швецияда баш калкалап жаткан дагы бир чечен блогери Тумсо Абдурахмановго кол салуу болгон. Ал кол салган адамга айбат көрсөтүп, кармап алып полицияга өткөрүп берген. Былтыр март айында чечен парламентинин спикери Магомед Даудов Абдурахмановдон өч алуу тууралуу айтып чыккан.

Ошол эле айда Франциядагы Лилл шаарында Мансур Кары деген ат менен таанымал чеченстандык Имран Хандын сөөгү табылган. Полиция анын денесине 135 жолу бычак сайылганын билдирген жана ушул тушта Чеченстанда жашап жаткан орусиялык жаран бул кылмыш үчүн шектүү болуп жатканын маалымдаган.

XS
SM
MD
LG