Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:32

COVID-19: Казакстандын Атырау облусунда ооругандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда соңку бир суткада коронавирус дагы 1403 адамдан табылды. Дүйшөмбүдө эртең менен coronavirus.kz сайтындагы маалымат боюнча, алардын 800дөн көбү - илдетке кабылып, бирок оорунун белгилери байкалбаган жарандар.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Атырауда абал оор. Бул облуста соңку төрт күндөн бери күн сайын оору жуккан 300дөн ашык учур катталып жатат. Атырау бейтаптардын саны боюнча Алматы жана Нур-Султан шаарларынан кийинки эле үчүнчү орунда турат.

Казакстанда ооругандардын жалпы саны 48,5 миң адамдан ашты. Илдеттен көз жумгандар 200 кишиге чамалады.

Казак бийлиги 5-июлдан тартып өлкөгө эки жумалык катаал карантин киргизди жана Чыгыш Казакстан облусундагы Өскемен (Усть-Каменогорск) жана Семей шаарларына кирип-чыккандар чектелди.

XS
SM
MD
LG