Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

Израил Иранды байкап туруш үчүн космоско тыңчы жандооч жөнөттү


«Офек-16» үлгүсүндөгү жандоочту космоско 6-июлда таң эрте «Шавит» ракетасы жеткирди.
«Офек-16» үлгүсүндөгү жандоочту космоско 6-июлда таң эрте «Шавит» ракетасы жеткирди.

Израилдин Коргоо министрлиги жогорку сапаттагы чалгындоочу жандоочун ийгиликтүү учурганын билдирди.

«Офек-16» үлгүсүндөгү жандоочту космоско 6-июлда таң эрте «Шавит» ракетасы жеткирди. Бул жандооч Жакын Чыгышты, анын ичинде Иранды байкап турууга мүмкүндүк берет. Ал Израил буга чейин учурган дагы башка космостук аппараттар менен алгоолошуп иштемекчи. «Офек-16» тарткан сүрөттөр бир аптадан кийин алына баштай тургандыгы айтылды.

Өлкөнүн коргоо министри Бенни Ганц жандоочтун учурулушун коргоо тармагындагы ири жетишкендик катары сыпаттады.

Израил ириде Иран өңдүү касташкан өлкөлөргө байкоо жүргүзүп турууга аракет кылып келет. Тел-Авив Тегерандын өзөктүк программасын өз улуттук коопсуздугу үчүн башкы коркунучу деп эсептейт. Иран болсо дооматтарды четке кагат.

XS
SM
MD
LG