Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:06

Мурдагы министр Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды


Космосбек Чолпонбаев.
Космосбек Чолпонбаев.

Коррупциялык фактыларга байланыштуу мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев суракка чакырылды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады. Маалыматка ылайык, Чолпонбаев айрым фармацевтикалык компаниялардын кызыкчылыгын сүрөө боюнча да сурак берет.

Финполдун маалыматына караганда, Космосбек Чолпонбаев быйыл март айында Кыргызстанда коронавирустун жайылышына жол берүү фактысы боюнча ачылган териштирүү ишине байланыштуу сурак берет.

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 31-мартта кызматынан өз арызынын негизинде бошотулган. Анын ордуна 1-апрелде президенттин жарлыгы менен Сабиржан Абдикаримов дайындалган.

Коопсуздук кеңешинин катчылыгы 1-апрелде кызматтан кеткен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев өлкөдө коронавирустун жайылышына каршы күрөштө бир катар кемчиликтерди кетиргенин белгилеп, алардын штаб түзүлгөндөн берки ишин сындаган.

Коопсуздук кеңеши коронавируска каршы ыкчам штаб жугуштуу илдетти өлкө аймагына киргизбөөгө жана анын жайылышына каршы өз убагында чара көргөн эмес деп маалымдаган.

Ал эми Жогорку Кеңеш 15-апрелдеги отурумунда мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен кошо «өз учурунда зарыл каражаттарды сатып алууга каржы бөлбөгөн» финансы министри Бактыгүл Жээнбаеванын, дарыгерлерге жасаган басымы үчүн УКМК жана башка күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин жоопкерчилигин, анын ичинде мурдагы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин да жоопкерчилигин кароону сунуш кылган.

6-июлга карата Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясын жугузуп алган 314 адам жаңы катталды.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында - 161 адам. Ош шаарында 41, Ош облусунда 26, Чүй облусунда 25, Ысык-Көл облусунда 21, Жалал-Абад жана Нарын облустарында 15тен жана Баткен облусунда он адам.

Илдеттен дарыланып жаткан 41 бейтап айыгып, акыркы сутка ичинде үйүнө чыкты.

Жалпысынан 18-марттан 6-июлга чейин өлкөдө коронавирус 7691 адамдан табылды, алардын ичинен 92 бейтап кайтыш болду, 2843 бейтап айыгып кетти.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан алгачкы үч адам катталган. Алар Сауд Арабиясына умра сапарына барып келгендер болуп чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG