Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Орусияда сот журналист Прокопьеваны күнөөлүү деп таап, айыпка жыкты


Светлана Прокопьева.
Светлана Прокопьева.

Орусиянын Псков шаарында аскердик сот журналист Светлана Прокопьеваны «террорчулукту актаган» деген айып боюнча күнөөлүү деп тапты жана 500 миң рубль айыпка жыкты. Прокурорлор аны алты жылга эркинен ажыратып, журналисттик ишмердик менен алектенишине төрт жылга тыюу салуу тууралуу сотко өтүнүч келтиришкен эле. Судья Прокопьеванын өз кесиби менен алектенишин чектеген жок.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун орус редакциясы менен кызматташкан журналистке мындан эки жыл мурун айткандарынан улам иш козголгон. Прокопьева 2018-жылы «Эхо Москвы» радиосуна Архангелскидеги ФСБ имаратындагы жардыруу боюнча комментарий берип жатып, 17 жаштагы анархистти терактка «өлкөдөгү репрессиялык режимдин аракеттери түрткөн болушу мүмкүн» деп боолгологон. Журналист күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Пркопьеванын сот жообуна тартылып жатышын «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму, Орусиянын Эркин журналисттер кошууну, бир катар укук коргоочу уюмдар айыптап чыгышкан. Ага каршы ишти токтотууну Орусиянын президентине караштуу Адам укуктары боюнча кеңеш да талап кылган.

XS
SM
MD
LG