Бүгүн 6-июлда, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Сүйлөшүү учурунда президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын туңгуч президентин 80 жылдык мааракеси жана Казакстандын баш калаасынын күнү менен куттуктады. Ошондой эле ага чың ден соолук, бакыт жана бакубатчылык, ал эми боордош Казакстан элине - тынчтык жана өсүп-өнүгүү каалады.
Мындан тышкары мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевдин Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда стратегиялык өнөктөштүк, союздаштык, жакшы коңшулаштык орнотуудагы жана бекемдөөдөгү жеке салымын белгиледи.
Казакстанды дээрлик 30 жыл бою башкарган Назарбаев 6-июлда 80 жылдык мааракесин белгилеп жатат.
Назарбаев ушул тушта бийликтеги «Нур Отан» партиясына төрагалык кылат жана өлкөдөгү өтө таасирлүү орган - Коопсуздук кеңешин жетектейт. Ага кол тийбестик макамын берген «эл башы» деген наам ыйгарылган.
Нурсултан Назарбаевдин урматына былтыр өлкөнүн борбор шаарынын Астана аты Нур-Султан болуп өзгөргөн. Баш калаадагы эл аралык аэропортко да анын аты берилген. Бир катар шаарларда Нурсултан Назарбаев атындагы көчөлөр жана анын эстеликтери бар. Ошондой эле ири суммадагы акчанын банкотуна сүрөтү түшүрүлгөн. Өткөн аптада Нусрултан Назарбаевдин эстелиги Нур-Султан шаарындагы Улуттук аскердик университетке орнотулган. (ZKo)