Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:22

Жээнбаева: Элден түшкөн акча медицина кызматкерлерине кошумча төлөмгө жумшалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы күрөш үчүн ыктыярдуу түрдө элден түшкөн акча медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө сарпталды. Бул тууралуу финансы министри Бактыгүл Жээнбаева 6-июлда брифингде билдирди. Анын айтымында бул боюнча бардык документтер бар.

«Бул акчанын баары атайын комиссиянын чечими менен сарпталган. Комиссиянын курамында, өзүңүздөр билгендей, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да бар», - деди Жээнбаева.

Министрдин маалыматына караганда, Саламаттык сактоо министрлигине кошумча 391,7 млн. сом берилди. Анын ичинен 91,7 млн. сом оорунун очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөп берүүгө жумшалган. 300 млн. сом коргонуучу кийимдерди жана каражаттарды сатып алууга сарпталат. Мындан тышкары 50 млн. сом кычкылтек концентраторлорун жана пульс өлчөөчү жабдыктарды сатып алууга бөлүнгөн.

Министр ошондой эле чет мамлекеттерден келе албай жаткан кыргызстандыктарды мекенине кайтарууга мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүнгөнүн маалымдады.

Пандемия шартында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 30 млрд. сомго толбой калары айтылган. Өкмөт бул кенемтени сырттан, эл аралык донорлордон алынуучу каражат менен жабууну көздөп жатканын маалымдаган. Жалпысынан Эл аралык Валюта Фонду жана Дүйнөлүк банк баштаган донорлордон 500 млн. долларга жакын акча алынары кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG