Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Президент өкмөттү чабал иши үчүн сындады


Бишкектеги спорт залдардын биринде ачылган оорукана. Июль, 2020-жыл.
Бишкектеги спорт залдардын биринде ачылган оорукана. Июль, 2020-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйынында элге алгачкы медициналык жардам берилбегени жана алдын алуу иштери жасалбаганы үчүн өкмөттү сындады. Мамлекет башчы Саламаттык сактоо министрлигин жана Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабды дарыгерлердин запасын толуктай албаганы үчүн айыптады.

«Бүт дили менен иштеп жаткан дарыгерлерибизди бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу, алардын муктаждыктары боюнча так, туура маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги Республикалык штабга, мага айтып, зарыл болсо коңгуроо кагып, маселелердин ыкчам чечилишин талап кылууга милдеттүү», - деди президент.

Сооронбай Жээнбеков 24 саат бою иштеген дарыгерлерди тамак-аш жана башка зарыл нерселер менен убагында камсыз кылууну талап кылганын президенттик аппарат маалымдады. Ага ылайык, президент дарыгерлерге тамак-аш, медициналык жабдуу, "Тез жардам" машинесин сатып берем деген ыктыярчылардын башын бириктирип, сунушталып жаткан жардамды элге ыкчам жеткирүүнү талап кылды.

Ал медиктердин айлык акысы өз маалында, үзгүлтүксүз төлөнүп берилиши керек экенин дагы бир жолу баса белгиледи.

Бүгүн, 6-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйыны өттү. Ага тиешелүү тармактардын башчылары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, республикалык штабдын жетекчилери катышты. Жыйында өлкөдөгү кырдаал талкууланды.

Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирустан дагы төрт адам, ал эми пневмониядан 18 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 92 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 195 киши көз жумду.

Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.

Интернетте вирустан жана пневмониядан көз жумгандардын чыныгы саны мындан бир топ көп экени тууралуу маалыматтар жарыяланып жатат. Мындан тышкары социалдык тармактарда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын курчуп кетиши, акыркы жумаларда оорудан каза болгондордун көбөйүшү үчүн бийликти айыптаган пикирлер көбөйүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG