Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:56

COVID-19: Иранда адам өлүмү боюнча эң чоң көрсөткүч катталды


Иллюстрацияоык сүрөт.
Иллюстрацияоык сүрөт.

Иранда соңку бир күндүн ичинде коронавирустан 163 адам көз жумду жана бул пандемия маалындагы эн чоң көрсөткүч болуп калды. Буга чейинки эң чоң көрсөткүч 29-июнда катталган. Анда бул илдеттен өлкөдө 162 бейтап жан берген.

Ирандын расмий бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, акыркы бир күндө COVID-19 дагы 2560 адамдан табылды жана өлкөдө ооругандардын жалпы саны 240 миңден ашты. Коронавирустан 11,5 миңден көп бейтап көз жумду.

Өлкөдөгү оору жуккан учурлар бийлик быйыл апрель айында киргизген карантин чараларын жумшарта баштагандан кийин кескин көбөйдү. Президент Хасан Роухани өткөн аптанын аягында мамлекеттик мекеме-ишканаларга беткапсыз кирүүгө тыюу салынарын эскерткен.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен вируска 11,4 миллион адам кабылды жана оорудан жарым миллиондон көп бейтап жан берди.

XS
SM
MD
LG