Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабды дары-дармектердин, беткап жана тазалоочу, коргоочу каражаттардын жетишсиздигин алдын алууга чакырды.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Жээнбеков күзгү-кышкы мезгилге, сезондук илдеттерге, жер-жерлердеги ооруканаларды жабдууга өз маалында даярдык көрүүнү талап кылды. Ал заманбап шартта Саламаттык сактоо министрлиги Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети менен бирге уюк байланыш операторлорунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу менен бейтаптарды ыкчам жаткырууну талап кылган.
Анын айтымында, азырынча жалпы өлкөдө өзгөчө абал киргизүү маселеси карала элек. Президент жер-жерлердеги жетекчилер киргизген санитардык-эпидемиологиялык, карантиндик чектөөлөрдү бардык жарандар жана ишкерлер милдеттүү түрдө аткарышы керек экенин эскертти.
Кыргызстанда 6-июлга карата коронавирустан дагы төрт адам, ал эми пневмониядан 18 адам каза болду. Ушуну менен Кыргызстанда СОVID-19 вирусунан набыт болгондордун жалпы саны 92 адамга жетсе, март айынан бери пневмониядан 195 киши көз жумду.
Коронавирус пневмонияны козгой турганы айтылганы менен Кыргызстандын бийлиги бул илдеттен өлгөндөрдү COVID-19дан каза тапкандардын статистикасына кошо элек.