Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:55

Британия Магнитскийдин өлүмүнө байланыштуу орусиялык аткаминерлерге санкция салды


Сергей Магнитскийдин портрети. 30-ноябрь, 2009-жыл.
Сергей Магнитскийдин портрети. 30-ноябрь, 2009-жыл.

Адвокат Сергей Магнитскийдин өлүмүнө байланыштуу Британия 6-июлда санкция салган орусиялык аткаминерлердин катарында Тергөө комитетинин жетекчиси Александр Бастрыкин баштаган 24 киши бар.

Лондон алар Магнитскийдин өлүмүнө кириптер болгон деп эсептейт. Британиянын тышкы иштер министри Доминик Рааб 6-июлда «Твиттерде» санкциялар «адам укуктарын одоно бузгандарга багытталган» деп жазды.

Бул Евробиримдиктен чыккандан кийин Британиянын биринчи жолу өз алдынча жарыялаган санкциясы.

Британиялык «Hermitage Capital» фондунун юристи Сергей Магнитский 2008-жылы камакка алынган жана ага «салык төлөөдөн качкан» деген айып коюлган. Ал тергөө абагында отурганда 37 жашында каза болгон. Магнитскийдин жактоочулары анын ишин саясий буюртма менен байланыштырып келишет. Юрист Орусиянын Ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында мамлекеттик ири каражаттардын уурдалышынын бетин ачкан.

Магнитскийдин өлүмү Батыш мамлекеттеринин жана АКШнын Орусия менен мамилесинин начарлашына алып келген.

XS
SM
MD
LG