Мекенине кайтып кете албай калган кыргызстандыктарды кайтарыш үчүн 20-марттан 5-июлга чейинки аралыкта түрдүү аба компанияларынын учактары менен 58 ирет чартердик каттам уюштурулган. Бул каттамдар менен Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан кыргызстандыктар Бишкекке жана Ошко жеткирилген.
Андан тышкары Орусиянын Оренбург жана Самара облустарынан 52 автобус менен Казакстан аркылуу дээрлик 1,5 миң кыргызстандык жаран мекенине кайтарылган.
Жалпысы пандемия башталгандан берки убакта Орусиядан Кыргызстанга 15 миңден ашуун кыргызстандык жеткирилген.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, коронавирус пандемиясы башталгандан берки убакта дүйнөнүн 60тан ашуун өлкөсүндө чыга албай калган 70 миңден ашуун адам Кыргызстанга кайтарылды. Финансы министрлиги буга каражат мамлекеттик бюджеттен сарпталганын маалымдады. (ZKo)