Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:12

Бир катар судьялар кызматынан бошотулду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык сотунун судьясы Нурланбек Атаназаров, Бишкек шаарынын Свердлов районунун судьясы Инара Гилязетдинова, Чүй облусунун Сокулук районунун судьясы Күмүшбек Жоомартов жана Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы Нурманбет Эшалиев Жогорку соттун судьялыгына шайланганы үчүн мурдагы кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Бакыт Сагынбаевдин ыйгарым укуктары токтотулуп, кызмат ордунан бошотулду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG