Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:33

Алайда жайлоодо кыз узатуу тоюн өткөргөндөргө эскертүү берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

5-июлда Алай районунун Чыйырчык жайлоосунда кыз узатуу тоюн өткөрүп жаткан үй-бүлөлөргө эскертүү берилди. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) маалыматына караганда, жайлоодо кыз узатуу аземин өткөргөндөр - райондун Таш-Короо айылынын тургундары. Аларга ОИИБнин туристтик кызматы эскертүү бергенден кийин тарашкан.

4-июлда Ош шаарынын чет жакасында, Кара-Суу районунун аймагында жайгашкан «Баястан» ресторанында кыз узатуу тою өткөрүлүп жаткан жеринен токтотулган. Санитардык талаптарды бузганы үчүн ресторан ээсине 13 миң сом айып салынып, тойкана 15 күнгө карантинге жабылган.

Ош облустук милициясы март айынан бери коронавирустун алдын алыш үчүн санитардык эрежелерди сактоо тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келе жатканын белгилеп, мындан ары талаптарды бузган тараптар мыйзам чегинде жоопко тартыларын эскертүүдө.

Кыргызстанда коронавирус илдети көбөйүп жатканына байланыштуу эл көп катышкан иш-чараларды, анын ичинде аш-тойлорду өткөрүүнү расмий тыюуну мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бир нече жолу сунуш кылган. Президент бул маселени Коопсуздук кеңешинин 6-июлдагы жыйынында да көтөрүп, Коронавируска каршы республикалык штабдан аш-тойлорду расмий тыюуну карап көрүүнү тапшырган.

7-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 450 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 8141 адамга жетти. Оорудан 2916 адам сакайып чыкты. 99 киши COVID-19 вирусун жугузуп алгандан кийин көз жумду.

Ал эми Ош облусунда жалпы оору жуккандардын саны – 579 адам.(ZKo/DU)

XS
SM
MD
LG