Парламенттин мурдагы төрагасы, депутат Чыныбай Турсунбеков бүгүн, 7-июлда Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлат. Бул тууралуу парламенттин расмий өкүлү Ибраим Нуракун уулу «Азаттыкка» маалымдады.
Эскерүү митинги «Ала-Арча» көрүстөнүндө саат 14:00гө белгиленди.
Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, азыркы парламенттеги КСДП фракциясынын мүчөсү болгон акын, илимпоз жана ишкер Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 6-июлда түнгө маал пневмониядан каза болгон. Буга чейин ал эки өпкөсүнөн кагынып, Бишкектеги Улуттук госпиталда дарыланып жаткан.
Акыркы күндөрдө абалы оор экени жана жасалма дем алдыруу аппаратынын (ИВЛ) көмөгү менен дем алып жатканы айтылган.
5-июлда Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Ибраим Нуракун уулу Турсунбековдун кан басымы, дене табы жана жалпы акыбалы жакшы экенин, дарыгерлердин божомолунда, ал жасалма дем алдыруучу аппараттан жакын арада чыгып, амбулатордук дарыланууга которулушу мүмкүн экенин кабарлаган. Ага пневмония деген диагноз коюлганын, коронавируска тапшырган анализи таза чыкканын кошумчалаган.
Чыныбай Акун уулу Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Ал Кыргызстан ишкерлер союзунун президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы коомдук кызматтарын да аркалады.
Турсунбеков 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы элдик ыңкылаптарды активдүү колдогон, Кыргызстанда либералдык реформаларды, базар экономикасын, эркин басма сөзүн өнүктүрүүгө тилектеш болгон коомдук ишмер эле. Ал ыр жыйнактарын жарыялаган. Мындан тышкары орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын «Көкжалдардын өлүмү» романын, ошондой эле «Түрк дүйнөсүнүн адабияты» деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.
2003-жылы ал президенттин жарлыгына ылайык эгемен Кыргызстандагы экономиканы өнүктүрүүгө өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн «Даңк» медалы менен сыйланган. (TSh)