Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:57

COVID-19: АКШдагы абал «анчейин», Индия Орусиядан ашты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку күндөрү коронавирус жуккан учурлар АКШнын 50 штатынын 39унда кескин көбөйдү. Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институттун жетекчиси Энтони Фаучи өлкөдөгү пандемияга байланыштуу абалды «анча жакшы эмес» деп баалады. Ал 6-июлда Кошмо Штаттар оорунун биринчи толкунунан чыга элек экенин, Европа менен Азиянын айрым өлкөлөрүнөн айырмаланып, АКШ ооруну ооздуктоого олуттуу көңүл бурбаганын белгиледи.

Өлкөдө COVID-19га чалдыккандар жакынкы күндөрү үч миллиондон ашат деген божомолдорго карабай, президент Дональд Трамп карантин чараларын азайтууга чакырып жатат.

Оору күчөп жаткандыктан Калифорния, Техас жана Флорида өңдүү штаттар карантин чараларын жумшартууну токтотту.

Бирок Кошмо Штаттарда оорудан каза болгондор апрель-май айларына салыштырмалуу азайды. Ошол убакта күнүгө үч миңдей бейтап каза болуп жаткан болсо, азыр мындай көрсөткүч 600 кишини түзөт. Жалпысынан бул илдеттен 130 миңден көп бейтап көз жумду.

Ооругандардын жана көз жумгандардын сандык көрсөткүчү боюнча дүйнөдө экинчи орунда турган Бразилияда президент Жаир Болсонару дүйшөмбүдө тест тапшырып, өпкөсүн рентгенге тарттырганын, анализи таза чыкканын билдирди. Анын алдында айрым жергиликтүү басылмалар Болсонаруда оорунун белгилери байкалып жатканын жазышкан. Бразилиянын президенти коронавирусту «кадимки эле сасык тумоого» теңеп, оору коркунучун кенебегени үчүн сынга кабылып келет. Бул өлкөдө COVID-19 жугузуп алгандар 1,6 миллион адамга жетип, илдет 65 миңден көп бейтаптын өмүрүн кыйды.

Орусияны басып өтүп, үчүнчү орунга чыккан Индияда коронавирус дээрлик 700 миңдей адамдан табылды, оорудан 20 миңдей бейтап көз жумду. Айрым эксперттер 1,3 миллиард киши жашаган бул өлкөдө ооругандар жана каза болгондор расмий статистикадан алда канча көп болушу мүмкүн деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG