Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Боронов: Бишкекте абал бир топ оор, шаарга келбей туруңуздар


Кубатбек Боронов.
Кубатбек Боронов.

Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал оор. Бул тууралуу 7-июлда өкмөт башчы Кубатбек Боронов билдирип, аймактардын тургундарын борбор калаага каттабай кое турууга чакырды.

"Аймактардагы жарандарыбызга айткым келет, Бишкек шаарына зарыл жумушуңуздар болбосо келбей туруңуздар! Бүгүнкү күндө Бишкекте абал башка региондорго караганда бир топ оор. Бишкек шаарынан да ооруну алып, аймактарга жайылтпаш үчүн барбай турууну суранам. Буга чейин "Барба, келбе, эшикке чыкпа" десе болбой жаткан жарандарыбыз жок дегенде бул жолкусунда түшүнүү менен кабыл алып, айтылган шарттарды бир аз чыдап аткарып турсак жакшы болот эле деп ойлойм".

Боронов кошумчалагандай, Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабга облус аралык чоң автобустардын каттамын убактылуу токтото туруу маселеси сунуш кылынганы жатат.

Жалпысынан 18-марттан 7-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8141 адамдан (3434ү Бишкекте) табылды, алардын ичинен 99 бейтап кайтыш болду, 2916 бейтап айыгып кетти.

Пневмониядан март айынан бери каза болгондордун саны 224 кишиге жетти. (RK)

XS
SM
MD
LG