Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Казакстанда COVID-19 менен ооругандар 50 миңге чукулдады


Казак бийлиги пневмония болгондорду өзүнчө санап жатат.
Казак бийлиги пневмония болгондорду өзүнчө санап жатат.

Казакстанда соңку бир күндө коронавирус дагы 1109 адамдан табылды, ошентип ооругандардын жалпы саны 49 683 кишиге жетти. Саламаттык сактоо министри Алексей Цой илдетке чалдыккандардын саны расмий статистикадан көп болушу ыктымал экенин мойнуна алды. Ал коронавирус инфекциясы тест аркылуу аныкталгандар гана расмий эсепке кирип жатканын бышыктады.

Казакстанда жалпысынан бул илдеттен 264 бейтап көз жумду. Алардын 76сы соңку бир аптада катталды. Саламаттык сактоо министри дагы 110 бейтаптын өлүмүн комиссия текшерип жатканын билдирди.

Казак бийлиги пневмония болгондорду өзүнчө санап жатат. Ага ылайык, ушул тапта ооруканаларда өпкөсү кагынган, бирок коронавируска тапшырган анализи таза чыккан 28 миңдей бейтап дарыланып жатат жана алардын 300дөйүнүн абалы оор. Соңку маалымат боюнча пневмониядан 600дөн ашык киши көз жумду.

Казакстанда быйылкы жылдын алгачкы алты айында пневмонияга 98 миңден ашык адам кабылган, алардын 32 миңдейи өткөн айда катталган.

Казакстан 5-июлдан тартып өлкөгө эки жумалык катаал карантин киргизди.

XS
SM
MD
LG