«Манас» эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча мурдагы вице-президенти, өкмөткө караштуу Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Даир Токобаев 7-июлда 34 жашында кайтыш болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдиришти.
Токобаев бир жумадан бери эки өпкөсү кагынып (пневмония) ооруканада жаткан. Акыркы күндөрдө абалы оорлоп кеткени белгилүү болду.
Даир Токобаев 1986-жылдын 23-июнунда Бишкекте туулган.
Кыргыз-орус (Славян) университетин, АКШдагы Йел университетин аяктаган. Даир Токобаев өлкөдөгү бир нече саясий партияларда жана президенттик шайлоолордо саясий технолог катары иштеген.