Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:56

Фергана облусунан Баткен облусуна гуманитардык жардам келди


Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев. Архивдик сүрөт.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Алишер Абдрахманов менен Өзбекстандын Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев. Архивдик сүрөт.

Өзбекстандын Фергана облусунан Кыргызстандын Баткен облусуна медициналык шаймандардан турган гуманитардык жардам келди. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, гумжардамдын жалпы суммасы 6 млн. 300 миң сомду түздү. Анын ичинде коргонуучу каражаттар жана ооруну аныктоочу лабораториялык шаймандар бар.

«Коңшулаш жайгашкан эки облустун башчылары буга чейин да кооптуу илдет менен күрөшүүдө зарыл болгон коргонуучу каражаттар, азык-түлүк өндүрүмү боюнча бири-бирине жардам берип келатышат. Баткен облусунун жетекчилиги кошуна Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге, Фергана облусунун жетекчилигине, жалпы өзбек элине оор кырдаалда көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирет», - деди басма сөз катчы Чолпон Бердикулова.

8-июлга карата Баткен облусунда коронавирус илдети тастыкталган 21 жаңы учур катталды.

Облус боюнча жалпы ооругандар 193 адамга жетти. Бүгүнкү күнгө чейин ооруканадан 48 адам айыгып чыкты. (JsA/ZKo)

XS
SM
MD
LG