Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

ОшМУда 200дөн ашуун кишиден турган резервдик топ түзүлдү


Ош мамлекеттик университети.
Ош мамлекеттик университети.

Бейтаптарга медициналык жардам берүү максатында Ош мамлекеттик университетинде түзүлгөн резервдик топко 6-июлдан тартып коронавируска каршы күрөшүү боюнча кесиптик квалификациясын жогорулатуу вебинары өтүп жатат. Бул тууралуу университеттин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда резевдик топтун курамына ОшМУда иштеп жана окуп жаткан 35 дарыгер-окутуучу, 120 ординатор, 10 медайым, медицина факультетинин 6-курсунун 70 студенти кирди. Резервдик топ аймактык бейтапканаларда медициналык адистердин жетишсиздик маселесин чечүүгө жардам берүү максатында түзүлгөн.

Учурда университеттин клиникасы коронавируска кабылгандарды дарылоочу 40 орундуу бейтапкана катары иштеп жатат. Клиникага окуу жайынан окутуучулар, ординаторлор, студенттер тартылган. 7-июлдан тартып бейтапкана оорулууларды кабыл алып жатат. Буга чейин обсервация катары пайдаланылып келген.

Мындан сырткары ОшМУнун беш студенттик жатаканасы коронавируска кабылгандарды дарылоочу стационардык бейтапкана катары 500 орунга ылайыкташып кайра түзүлдү. Ошондой эле университеттин медицина факультеттеринин окутуучулары, студенттери облус аймагындагы жана шаардагы ар кандай медициналык мекемелерде иштеп жатышат.

Жалпысынан 18-марттан 8-июлга чейин өлкөдө коронавирус 8486 адамдан табылды, алардын ичинен 112 бейтап кайтыш болду, 2983 бейтап айыгып кетти. (DU)

XS
SM
MD
LG