Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Абитуриенттерди кабыл алуу быйыл толугу менен онлайн форматта өтөт


Надира Жусупбекова.
Надира Жусупбекова.

Кыргызстанда быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн жалпы республикалык тестирлөөсү (ЖРТ) жыйынтыкталып, абитуриенттерди кабыл алууга даярдык көрүлө баштады. Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова 8-июлда билдиргендей, тестирлөөнүн жыйынтыгын бүтүрүүчүлөр 13-19-июлда ала алышат, ал эми жогорку окуу жайларына кабыл алуу быйыл толук бойдон онлайн форматта өтөт. Бул үчүн "Абитуриент Online" автоматташтырылган маалыматтык системасы иштелипп чыкты.

«​www.2020.edu.gov.kg сайтына Кыргызстандагы бардык окуу жайлары, факультеттер, адистиктер киргизилди. Тестирлөөдөн босого баллдан жогору алган ар бир абитуриент тиешелүү сертификат жана талон менен жогорку окуу жайынын имаратына барбай эле, өлкөнүн каалаган бурчунан порталга катталып, окуу жайына тапшыра алат. Профилдик предметтик тесттин болушу тиешелүү багыттарга кабыл алууда абитуриентке артыкчылык укук берет. Жеңилдик алууга талапкерлер тиешелүү документтерди тиркеши керек», - деди ал.

Кабыл алуунун биринчи туру 20-июлда башталат. Табыштаманы 22-июль саат 14:00гө чейин берүү зарыл. Кабыл алууга сунушталган абитуриент 25-июль саат 18:00гө чейин тандаган адистик боюнча билим ала турганын тастыкташы керек, тастыкталбаган учурда анын орду бош деп эсептелет.

Бош орундар болгон учурда 2-тур 27-июлдан 1-августка чейин өткөрүлөт. Табыштамалар 29-июль саат 14:00гө чейин кабыл алынат. 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 3-августтан 8-августка чейин өткөрүлөт, каттоо 5-август саат 14:00гө чейин жүрөт. Окутуунун сырттан жана кечки формасына кабыл алуунун мөөнөтүн окуу жайы өз алдынча белгилейт.

Быйыл коронавирус эпидемиясына байланыштуу Кыргызстанда мектептер жана башка бардык окуу жайлары карантинге жабылып, окуу жылы онлайн жыйынтыкталган. (RK)

XS
SM
MD
LG