Облус аймагындагы райондор менен шаарларда уюштурулган күндүзгү стационарларда 1246 керебет даярдалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков билдилди. Убактылуу стационарлар мектептерде, спорттук жайларда жана кесиптик лицейлерде ачылды. Эки күндөн бери иштеп жаткан стационарларга күн сайын 100дөй бейтап келип, жардам алууда. Аталган борборлор саат 08:00 баштап 20:00 гө чейин иш жүргүзөт.
Ызабеков облустагы ооруканаларга кошумча 300 даана кычкылтек концентратору керектелерин билдирди. Дарыгерлер колдонуп жаткан 372 концентраторлордун 23ү иштебей турат.
8-июлга карата Жалал-Абад облусунда өпкөнүн илдети жуккан 26 жаңы учур аныкталды. Жалал-Абад облусунда бул ооруну жалпысынан 501 адам жугузган. Алардын ичинен 100дөй киши дарыланып жатат. (RsK)