Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:20

БУУ: Идлибдеги Орусия менен Сирия өкмөтүнүн чабуулу аскердик кылмышка тете


Идлиб провинциясы.
Идлиб провинциясы.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери «Сириянын козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясында Орусиянын жана сириялык өкмөттүн күчтөрүнүн абадан коюлган чабуулдарын аскердик кылмышка теңесе болот» деген корутунду чыгарды.

Уюмдун Идлибдеги жагдайды иликтеген көз каранды эмес комиссиясы шейшембиде атайын баяндама жарыялады. Анда быйыл март айында аймактагы тирешкен тараптар ок атууну токтотуу тууралуу макулдашканга чейин «башаламан бомбалоодон» жүздөгөн адам мерт болуп, миллиондой киши там-ташын таштай качканы айтылат. Документте бул адамзатка каршы кылмышка тете экени көрсөтүлдү.

Баяндамада 2019-жылдын ноябрь айынан быйылкы жылдын июнь айына чейинки жагдай иликтенген. Анда бул убакыт аралыгында жалпысынан абадан 52 чабуул коюлганы, анын дээрлик көбүн, тактап айтканда, 47син Сирия өкмөтүнүн күчтөрү Орусиянын жардамы менен уюштурганы белгиленген. Орус аба күчтөрү сегиз чабуул үчүн жооптуу экени жазылган.

БУУнун комиссиясы ошондой эле аймактагы куралдуу «Хаят Тахрир аш-Шам» тобун да чабуулдарга байланыштуу айыптаган жана алар туткундарды кыйнаган, өлтүргөн фактылар бар экенин жазган.

Мындан эки ай мурун «Amnesty International» (AI) эл аралык укук коргоо уюму Идлибде Сириянын президенти Башар Асад менен Орусиянын күчтөрүнүн аскердик кылмышка тете 18 чабуулун каттаганын билдирген. Бул чабуулдар былтыр май айынан быйыл февраль айына чейин Идлиб провинциясы менен анын жанындагы аймактардагы медициналык мекемелерге жана окуу жайларына, эл жашаган аймактарга коюлганын айткан.

AI бул чабуулдар эл аралык гуманитардык укукту одоно бузарын айтып, мындай чабуулдарды «аскердик кылмыш» деп баалаган жана өз баяндамасынын көчүрмөлөрүн БУУгы Сириянын жана Орусиянын туруктуу өкүлчүлүктөрүнө жөнөткөн.

Сириядагы тогуз жылга аяк баскан согушта 370 миңден көп кишинин өмүрү кыйылды жана миллиондогон жайкын тургун там-ташын таштай качты.

XS
SM
MD
LG