Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:14

COVID-19: Президенттин аппарат башчысы Досалы Эсеналиев ишке чыкты


Досалы Эсеналиев.
Досалы Эсеналиев.

Президенттик аппараттын башчысы Досалы Эсеналиев коронавирус илдетинен айыгып, 8-июлдан тартып ишке чыкты. Бул тууралуу аппарат башчы «Фейсбуктагы» баракчасына өзү жарыялап, ооруп жаткан учурда тилектештик билдиргендердин баарына алкыш айтты.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнүн «Азаттыкка» билдиргенине караганда аппараттын вирус жуккан 16 кызматкер дарылануусун улантып жатат.

Президенттик аппараттын Досалы Эсеналиев баштаган 17 кызматкери коронавируска чалдыкканы тууралуу маалымат 28-июнда жарыяланган. Буга байланыштуу аппарат аралыктан иштөөгө өткөн.

Ал эми коронавирус илдетине чалдыккан вице-премьер-министр Эркин Асрандиев да айыкты, бирок аралыктан иштөөнү улантып жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди:

«Эркин Асрандиев айыкты. Бирок азырынча аралыктан иштеп жатат. Жумушуна жакынкы күндөрү кайтат. Аппараттын башка кызматкерлеринин да абалы жакшы. Премьер-министр алардан бөлүм башчылары аркылуу кабарын билип, абалын сурап турат».

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус илдетине чалдыкканы 30-июнда маалым болгон. Асрандиев үйдөн обочолонуп иштеп жатканы кабарланган.

Андан тышкары өкмөттүк аппараттын башчысы Таалайбек Темиралиев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, юстиция министри Марат Жаманкулов, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов COVID-19 оорулуулар менен байланышта болгондуктан, обочолонуп иш алып барууну улантып жатышат.

Июнь айынын аягында Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, аппарат кызматкерлери да COVID-19 илдетине чалдыкканы кабарланган. Жогорку Кеңештин аппараты толугу менен үйдөн иштөөгө өтүп, имараты дезинфекцияланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG