Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:54

Казак өкмөтү мамлекеттик мекемелерге автоунаа, эмерек сатып алууга тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казастанда өкмөт бюджетти үнөмдөө максатында мамлекеттик мекеме-органдарга, улуттук компанияларга 2023-жылга чейин автоунаа, эмерек-жабдуу сатып алууга тыюу салды.

Финансы министрлиги быйыл ушундай муктаждыкка бөлүнгөн 1,2 миллиард доллар коронавируска каршы күрөшкө берилгенин билдирди. Министрлик үч жылда автоунаа жана эмерек-жабдуу сатып алуудан 15,6 миллиард долларга чейин үнөмдөп калса болорун белгиледи.

Казак бийлиги пандемиядан улам экономикалык көрсөткүчтөр төмөн болорун билдирген жана киреше-чыгаша боюнча эсептөөсүнө өзгөртүү киргизген.

Казакстанда коронавирус жугузуп алгандар 51 миң адамдан ашты. Саламаттык сактоо министрлиги бул илдеттен көз жумган бейтаптар тууралуу жумасына бир гана жолу маалымат берип жатат. Ага ылайык, өлкөдө 264 киши COVID-19дан көз жумду, дагы 110 бейтаптын өлүмүн атайын комиссия текшерип жатат.

Казак бийлиги пневмония болгондорду өзүнчө санап жатат. Ушул тапта ооруканаларда өпкөсү кагынган, бирок коронавируска тапшырган анализи таза чыккан 28 миңдей бейтап дарыланып жатат жана алардын 300дөйүнүн абалы оор. Соңку маалымат боюнча пневмониядан 600дөн ашык киши көз жумду.

XS
SM
MD
LG