Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:52

Ош облусунун алыскы аймактарында күндүзгү стационарлар ачылды


Алай районунда мектептин спорт залына ачылган күндүзгү стационар. Ош облусу. 8-июль, 2020-жыл.
Алай районунда мектептин спорт залына ачылган күндүзгү стационар. Ош облусу. 8-июль, 2020-жыл.

Учурда Алай районунда 100, Кара-Кулжа районунда 106, Кара-Суу районунда 190, Өзгөн районунда 220, Чоң-Алай районунда 100, Араван районунда 45, Ноокат районунда 435 орундуу күндүзгү стационар даяр болуп, алгачкы бейтаптарга медициналык кеңеш жана жардам бериле баштады.

Алыскы райондордо күндүзгү стационарлар өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаевдин тапшырмасы менен ачылып жатканын «Азаттыкка» өкүлчүлүктүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди. Анын айтымында, буга чейин облус аймагында обсервация үчүн 1910 орун даярдалган. Ал эми ооруканаларда уюштурулган изоляторлордо учурда илдетти жугузуп алган адамдар дарыланып жатат.

8-июлга карата Ош облусунда коронавирус илдетине чалдыккан жети адам катталган, алардын бири медицина кызматкери. Облуста ооруга чалдыккандардын жалпы саны - 586 адам. (ZKo)

XS
SM
MD
LG