Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Боронов эмгек өргүүсүндөгү бардык дарыгерлерди ишке чыгууга чакырды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү эмгек өргүүсүндө жүргөн бардык медицина кызматкерлерин жумушка чакыртып алмай болду. 8-июлда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал чечкиндүү аракеттерди талап кылып жатканын айтты.

«Ооруп жаткандар дарыланып, саламаттыгын чыңдашсын. Бирок дени сак жана эмгек өргүүсүндөгү медкызматкерлер ишке чыгып, күнү-түнү нөөмөттө туруп, бейтаптарды кабыл алып жаткан кесиптештерине жардам берүүгө тийиш», - деди ал.

Боронов азыр оорунун күчөгөн учуру Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келгенин айтып, «Бишкекте жашаган саламаттык сактоо тармагынын бардык кызматкерлерин өргүүдөн ишке чыгууга чакырам. Бул азыркы учурдун талабы болуп жатат» деп кошумчалады.

Кыргызстанда дарыгерлердин саны 14 миңдин, ал эми орто медициналык персоналдын жалпы саны 35 миңдин тегерегинде.

7-июлга карата расмий статистика боюнча коронавирус эпидемиясы башталгандан бери бул оору 1287 медицина кызматкерине жукту, алардын ичинен 522си айыгып кетти, жетөө кайтыш болду.

Бишкекке жана Чүйгө абал оор болуп жаткандыктан аймактардан 100дөн ашуун медкызматкер кошумча тартылган.

Өкмөттүн чечимине ылайык, вирус жуккан медицина кызматкерлерине 200 миң сом, ал эми каза болгондорго бир миллион сом кенемте төлөнүп берилиши керек.

Буга чейин Боронов дарыгерлердин кошумча айлык акысы көбөйөрүн айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG