Кыргызстан чет жактан учуп келгендерди коронавируска мурдагыдай текшербей калды. Бул тууралуу 8-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, эреже өлкөдө жана жалпы дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал өзгөргөнүнө, өзгөчө абал режими алынганына байланыштуу өзгөрдү. Коронавирус боюнча алгоритмге жана буйруктарга бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.
26-июнда кабыл алынган чечимге ылайык, чет жактан кайтып келгендер эгер оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми оорусу байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат.
Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта Сауд Арабиясынан ажылыктан кайткан адамдардан табылган. Ошондон кийин чек аралар жабылып, аэропортко конгон ар бир учактын жүргүнчүлөрү дароо обсервацияга алынып жаткан. Кийин вирус көбүнчө Орусиядан кайткан мигранттардан табылып жатты.
Март айынан бери учак жана автоунаа менен 38 өлкөдөн 20 миң 638 кыргызстандык мекенине кайтып келди.
Бүгүнкү күндө COVID-19га чалдыккандардын саны 8,5 миңге чамалады. Вирус жугузгандар ар бир облуста бар. Азыр оору сырттан келгендерден эмес, өлкөнүн ичинде адамдардын биринен бирине гана жугуп жатат.
8-июлга карата коронавирустан 112, пневмониядан 268 бейтап кайтыш болду. (RK)