Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Жээнбеков: Заманбап клиника жоктугу абдан сезилип жатат, жаңы оорукана салабыз


Президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек мэри Азиз Суракматов. 2020-жылдын 8-июлу.
Президент Сооронбай Жээнбеков жана Бишкек мэри Азиз Суракматов. 2020-жылдын 8-июлу.

Кыргызстанда комплекстүү атайын оорукананын жоктугу азыркы учурда абдан сезилип жатат. Бул тууралуу 8-июлда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкекте убактылуу ачылган стационарлардын бирине барганда айтты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жээнбеков Бишкекте медициналык тейлөөнүн бардык түрү боло турган комплекстүү клиника салынарын билдирди:

«Стационарлар - албетте, убактылуу объектилер, алар мындан аркы кырдаалга жараша иштейт. Азыркы абал калктын саламаттыгына кандай коркунуч бар экендигин көрсөтүүдө. Комплекстүү заманбап клиниканын жоктугу өзгөчө азыркы кырдаалда курч сезилип жатат. Бишкекте бардык медициналык кызмат көрсөтүлгүдөй комплекстүү клиника курабыз. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде заманбап оорукана салыш үчүн каражат бөлүүгө кызыккан инвесторлор бар».

Президент мындай заманбап ооруканалар бардык облустардын борборлорунда куруларын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы март айынын ортосунда башталган. Ошондон бери коронавирус 8486 адамдан табылып, алардын 112си кайтыш болду. Пневмония деген диагноз 3695 адамга коюлду, алардын ичинен 268 бейтап көз жумду.

Ооругандардын 42% Бишкекте. Шаар бийлиги ооруканаларда орун калбай калгандыктан ар бир райондо убактылуу стационарларды ачып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG