Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 10:00

ФИБдин башчысы Кытайды АКШнын «эң чоң коркунучу» деп атады


Кристофер Рэй.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун (ФИБ) башчысы Кристофер Рэй АКШнын экономикалык жана улуттук коопсуздугу үчүн Кытайды «эң узак мөөнөттөгү коркунуч» деп атады. Ал 7-июлда Вашингтондо Хадсон институтунда сүйлөгөн сөзүндө Бээжиндин экономикалык тыңчылык жана маалыматтык, интеллектуалдык менчикти уурдоо аракеттерин белгиледи.

Рэй Кытай чет өлкөлөрдө жашаган кытай жарандарын мекенине мажбурлап кайтаруу жараянын баштаганын, АКШнын коронавирустун жайылышын иликтөөсүнө коркунуч жаратып жатканын белгиледи. «Кытай бардык айла-амал менен дүйнөдөгү жалгыз кубаттуу держава болууга аракет кылып жатат», деди Рэй. Ал контрчабуулга байланыштуу ачылган беш миң иштин дээрлик теңи Кытайга туура келерин белгиледи.

Кытай буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Рейдин мындай билдирүүсү Вашингтон менен Бээжиндин алакасы начарлап жаткан убакка туш келди. Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Кытайды «коронавирус пандемиясын токтоткон жок» деп айыптап келет. Бээжин болсо дооматтарды четке кагууда.

Пикирлерди көрүңүз (3)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG