Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

Казак президенти 13-июлду коронавирустан каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев коронавирустун жана пневмониянын жайылып жатышына байланыштуу 8-июлда телеканал аркылуу элге кайрылды.

Токаев өз сөзүндө оорунун жайылып кетишине Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы жетекчилери менен жергиликтүү аткаминерлер жооптуу экенин, алар «каталарга» жол бергенин билдирди. Мындан тышкары вирустун тездик менен тарашына санитардык эрежелерди сактабаган катардагы жарандар да жооптуу экенин белгиледи.

Токаев 13-июлду COVID-19дан каза болгондорду эскерүү күнү деп жарыялады.

Казак президенти коомчулуктагы «бийлик эпидемияга тиешелүү деңгээлде даярданган эмес» деген сынга жооп берди, «саясий оюндарды уюштуруп жаткан күчтөр бар» экенин, алар коомго жик салууга аракеттенип жатканын айтты. Токаев ал кайсы күчтөр экенин тактаган жок, бирок мындай аракеттерге укуктук баа берилерин кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, Казакстанда эпидемия башталгандан бери коронавируска чалдыккан 51 миңден ашык учур катталды. Вирус жугузуп алгандан кийин 264 киши каза болду. COVID-19 жугузуп алганы аныкталгандан кийин көз жумган дагы 100дөн ашык киши расмий статистикага кирген жок. Бийлик алардын өлүмүнө башка оорулар себеп болгонун билдирген.

XS
SM
MD
LG