Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-август, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 00:30

Орусиялык активист Петр Верзилов кайрадан кармалды


Петр Верзилов.

Орусиялык активист, «Pussy Riot» музыкалык тобунун жана «Mediazona» сайтынын негиздөөчүсү Петр Верзилов кайрадан кармалды. Верзилов 8-июлда «Твиттерге» «Эхо Москвы» радиосунун берүүсүнө катышкандан кийин эле Тергөө комитетинин кызматкерлери кармап кеткенин, үйүндө кайрадан тинтүү жүргүзүлөрүн жазды.

Буга чейин активистке каршы «кош жарандык тууралуу маалымат берген эмес» деген негизде кылмыш иши козголуп, эч кайда чыкпоо тууралуу тилкат алынган.

7-июлда Верзилов Тергөө комитетинде сурак берип чыккан. Тергөө ал 2014-жылы активист Канаданын жарандыгын алып, бирок ал тууралуу орус бийлигин кабардар кылган эмес деп эсептейт. Бул айып менен Петр Верзилов эки жүз миң рублга чейин айыпка жыгылып же 400 саатка чейин кара жумушка чегерилиши мүмкүн.

Петр Верзиловдун жакындары анын кош жарандыгы бар экени баарына белгилүү экенин айтып, Тергөө комитетинин аракетин активисттин оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырып жатышат.

XS
SM
MD
LG