Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:03

Ошто жума намазга жана облус аралык каттамга тыюу салынат


Сулайман-Тоо мечити. Ош. Июнь, 2020-жыл.
Сулайман-Тоо мечити. Ош. Июнь, 2020-жыл.

Облустук казыятка мечиттердеги жума намаздарды токтотуу сунушталды. Бул тууралуу «Азаттыкка» өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Нуркыз Кадырбекова билдирди.

Андан алынган маалыматка караганда, мындан тышкары облус аралык каттамдар 10-июлдан тартып токтотулат. Санитардык-карантиндик посттордун иши күчөтүлөт.

Облус аймагындагы базарлар дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү иштебейт, дезинфекцияланат.

Эс алуучу жайларда, жаратылышта ар кандай иш-чаралардын, аш-тойлордун өткөрүлүшүнө тыюу салынат. Жарандардын жаратылышка эс алууга чыгышына да уруксат берилбейт.

Мындан тышкары той-мааракелерди өткөрбөө боюнча чектөөлөргө баш ийбегендерге, дары-дармек менен азык-түлүктүн баасын көтөргөндөргө катуу чара көрүлөт.

8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 345 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 8,5 миңге чамалады. Оорудан 112 киши көз жумду.

Ал эми Ош облусунда жалпы оору жуккандардын саны – 586 адам. (ZKo)

XS
SM
MD
LG