Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

Дары-дармекти экспорттоого тыюу салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаменти кабарлады. Андан алынган маалыматка ылайык, өлкөдөгү пандемиялык кырдаалга байланыштуу айрым дары-дармектерди чет өлкөлөргө экспорттоого тыюу салуу жөнүндө өкмөт токтом чыгарды. Зарыл дары-дармектердин жана медициналык жабдыктардын сыртка сатылбашын аталган департамент жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) көзөмөл кылат. Маалыматта айтылгандай, буйрукка баш ийбөө оор кылмыш болуп саналат.

Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жана өпкөнүн сезгениши күчөгөнүнө байланыштуу айрым дары-дармектер тартыш болуп, баалары эселеп кымбаттаган. Бул элди нааразы кылууда.

Өкмөт бир катар фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен бааларды көтөрбөө маселесин сүйлөшкөн.

Пандемия башталган март айларында Кыргызстанда беткап, санитайзер тартыш болуп, өкмөт буларды экспорттоого убактылуу чектөө киргизген. Тартыштык маселеси чечилген соң тыюу алынган.

8-июлга карата Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккан 345 адам аныкталды. Ооруга чалдыккандардын жалпы саны 8,5 миңге чамалады. Оорудан 112 киши көз жумду. (ZKo)

XS
SM
MD
LG