Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Белградда карантинге каршы акциянын экинчи түнү да тополоң менен коштолду


Белград. 8-июль, 2020-жыл.
Белград. 8-июль, 2020-жыл.

Сербиянын баш калаасы Белградда эпидемияга байланыштуу кайрадан киргизилген карантин эрежелерине жана борбордогу коменданттык саатка каршы акция 9-июлга караган түнү да уланды.

8-июлдун кечинде полиция парламенттин алдында чогулгандарга каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Нааразылык акциялары Сербиядагы экинчи ири шаар - Нови-Садда да болду. Демонстранттар аймактагы мамлекеттик телеберүүнүн кеңсесин басып алууга аракет кылышты. Полиция ага жол бербегенден кийин демонстранттар мэрияны көздөй жөнөп, айрымдар имаратка таш ыргытышты. Жабыр тарткандар тууралуу маалымат түшкөн жок.

Сербия полициясынын башчысы Владимир Ребич Белграддагы акциянын биринчи түнүндөгү тополоңдо 20га жакын демонстрант жана 40тан ашык күч кызматкери жабыркаганын, полициянын беш машинеси өрттөлгөнүн кабарлады.

Европа кеңешинин адам укуктары боюнча комиссары Дуня Миятович полициянын нааразылык акциянын катышуучуларына карата аракетине тынчсыздануусун билдирди. Миятович бийликти муну иликтеп, зомбулукка жол берген полиция кызматкерлерин жазалоого чакырды. Окуя болгон жерде тартылган видеолордо полициянын элди союл менен урганы көрсөтүлгөн.

Сербиянын президенти Александр Вучич иликтөөдө полициянын мыйзамсыз кадамдары аныкталса, бийлик тиешелүү чара көрөрүнө убада берди.

21-июнда Вучичтин партиясы жеңип чыккан парламенттик шайлоодон кийин бийлик карантинди кайра киргизген. Оппозиция башында турган демонстранттар азыркы курам «саясатташкан» деген негизде COVID-19га каршы күрөшкө жооп берген команданы алмаштырууну талап кылып жатышат.

7-июлда башталган акцияда демонстранттар президент Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылышкан. Бир тобу парламенттин имаратына чейин кирип барган. Бирок аларды полиция сүрүп чыгарды жана кийин алар камакка алынганы белгилүү болду.

Полиция демонстранттарды кууп таратыш үчүн жаш агызган газ колдонду. Көчөгө чыккандар болсо аларга таш, шише, жумуртка ыргытышты. Карантинге каршы чыккандар «бийликтин сөзүн сүйлөйт» деп айыптап, мамлекеттик телеканалдын имаратынын алдына да чогулушту жана полиция менен кагылышуу болгон.

Ички иштер министрлиги нааразылык акциясына беш миңдей адам катышканын маалымдады.

Сербияда пандемиядан улам карантин март айында киргизилип, майда токтотулган. Өлкөдө 21-июнда парламенттик шайлоо өтүп, президенттин партиясы 60% добуш менен жеңген. Шайлоодон кийин эпидемиологиялык абал кескин начарлай баштаган жана буга байланыштуу коомчулукта бийликке айтылган сын-доомат күчөгөн.

Жергиликтүү басылмалар ооруканаларда коронавирус жуккан бейтаптар толуп калганын жазып жатышат. Шейшембиде бул илдеттен жети киши көз жумду жана бул пандемия маалындагы эң чоң көрсөткүч болуп калды.

Ушул күнү президент Вучич Белгардда 10-июлдан тартып коменданттык саат киргизип, беш адамдан көп болуп топтолууга тыюу саларын жарыялады.

Эпидемия башталгандан бери Сербияда 17 миңден ашуун киши коронавируска чалдыгып, 340таш ашыгы каза болгону расмий маалымдалган.

XS
SM
MD
LG