Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:30

Баткен: Ооруканада дарылануудан баш тарткан бейтап каза болду


Баткендеги оорукана.
Баткендеги оорукана.

Баткен шаарынын коронавирус илдетине чалдыккан 56 жаштагы тургуну үйүндө 8-июлда каза болду. Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы 9-июлда билдирди.

Маалыматка караганда Ш.Б. аттуу бейтап 7-июль күнү Баткен шаарында жугуштуу оорулар бөлүмүндө дарыланып жаткан жеринен качып кеткен. Милиция, медицина кызматкерлеринин артынан барып, ооруканага жатып дарылануу талабына баш ийген эмес. Барган топ үй шартында дарыланууга болот деген тыянак менен үйүнө калтырып кеткен деп айтылат маалыматта.

Өзгөчө кырдаал режиминин шарттарын бузуп, санитардык эрежелердин нормаларын сактабай, оорусунан толук айыкпай туруп ооруканадан качып кетүү фактысы боюнча 7-июль күнү Баткен ШИИБинде Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесинин 1-бөлүгү менен («Чектөө иш-чараларынын (карантиндин) талаптарын (эрежелерин) бузуу») катталып, сотко чейинки териштирүү баштаган.

Коронавирус илдетинен каза болгон жаран 2020-жылдын 2-июль күнү Бишкек шаарынан келген. Баткенде ПЧР анализин тапшырып, илдет бардыгы аныкталгандан кийин жугуштуу оорулар бөлүмүнө жаткырылып дарыланып жаткан.

Маркум болуп калган бейтаптын жакындары анын ооруканадан качуу себептерине байланыштуу маалымат бере элек.

9-июлга карата расмий маалымат боюнча Баткенде СOVID-19га чалдыккандар 213 кишиге жетип, үч адам каза болду. (JsA)

XS
SM
MD
LG