Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:21

Ноокендик жаштар айылдагы ооруканага жабдыктарды сатып беришти


Достук айылынын ооруканасына алынган жабдыктар.
Достук айылынын ооруканасына алынган жабдыктар.

Ноокен районунун Достук айыл аймагынын жаштары аймактык ооруканага тогуз даана кычкылтек концентраторун сатып беришти. Мындай маалыматты аталган айыл аймактын башчысы Замир Мамасадыков билдирди.

Айылдын жаштары демилге көтөрүп, өз ара каражат чогултуу менен ар бири 630 АКШ долларына бааланган кычкылтек концентраторун алып беришти. Түркиядан буйрутманын негизинде үч жабдык келсе, калгандары жакынкы күндөрү жеткирилет. Достуктагы аймактык оорукана менен үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда учурда бирден гана кычкылтек концентратору бар.

Жалал-Абад облусундагы ооруканаларга кошумча 300 даана кычкылтек концентратору керектелерин өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн аппараты билдирди. Дарыгерлер колдонуп жаткан 372 концентраторлордун 23ү иштебей турат. (RsK).

XS
SM
MD
LG